super.kg logo

1 миллион сомго чейин... Кыргызпатенттин "40 райондон 40 демилге" долбооруна кабыл алуу башталды  

 
Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги "40 райондон 40 демилге" долбооруна катышуучуларды кабыл ала баштады. Бул тууралуу Кыргызпатенттин маалымат кызматынан билдирди.
Ага ылайык, долбоорго жаңы инновациялык демилге же стартап жазган, бирок аны ишке ашырууга каражаты жетпей жаткан адамдар катышса болот.
"Кыргызпатент сиздин инновациялык долбооруңузду 1 миллион сомго чейин, ал эми стартабыңызды 500 миң сомго чейин каржылап берет", - деп айтылат билдирүүдө.
Шарт боюнча, экономикалык жана социалдык маанилүү, экологияга коопсуз, натыйжалуу жана ишке толук ашырыла турган идеялар тандалмакчы. Тандоо үч этап менен өтүп, беш айга чейин созулат. Бардык каалоочулар арызын Кыргызпатентке ушул жылдын 30-апрелине чейин бериши зарыл.
Суроолор боюнча 0555795918, 0703166036 номерлерине кайрылса болот.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: