Ошто таң атпай турак үйдөн ири өрт чыкты (сүрөт)




Бүгүн, 21-февралда таң эрте Ош шаарындагы үйлөрдүн биринен ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, ӨКМга Ош шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Кырсыкты жоюу үчүн саат 05:24тө Ош шаардык №109 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 05:35те дагы 1 бөлүм, саат 05:53тө 1 бөлүм жана штаб тартылган. Кошумча дагы саат 05:56да 1 бѳлүм тартылып, жалпы 4 бөлүм иш алып барган.
Жерине барган өрт өчүрүүчүлөрдүн аракетинен улам өрт саат 06:22де чектөөгө алынган.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.