super.kg logo

Бишкектеги объектилерге тазаланбаган кар үчүн айып салынууда 

 
Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык инспекция тарабынан кардан жана муздан тазалоо боюнча рейд жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө бир катар чарбалык субъектилер текшерүүгө алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 114-беренесине ылайык протоколдор түзүлүп, көчөдө жүргөн чарба субъектилерине айып пул салынды. Юнусалиев 160/1, К.Акиев көчөсү 83 дарегиндеги чарба субъектисине, Горький көчөсү 1 дарегиндеги "Авто центр"ЖЧКсына, 8- кичи район 40 дарегиндеги Тазабек уулу С. аттуу жаранга таандык чарба субъектиге протокол түзүлүп, айып салынды.
Мындан тышкары, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 114-беренесинин негизинде Гагарин көчөсүндөгү 16-үйдөгү "Ташкент" кафеси жана Бакаев,78 дарегинде жайгашкан "Зам-Зам" кафелерине чектеш аймакты муздан тазалабагандыгы үчүн жалпысынан 26 миң сом айып салынган.
Ошондой эле базардын аймагынан карды көчөгө алып чыккандыгы үчүн Баткен базарынын администрациясына 13 миң сом айып, ошондой эле "Орто-Сай" базарына да 13 миң сом айып салынды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: