Бакыт Төрөбаев: "Кыргызстан Монголияга 18 тонна жүн экспорттоого даяр"





Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Содн Ганхуяг менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалымдалгандай, жолугушууда тараптар айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы жана жергиликтүү продукцияны Монголияга экспорттоо жаатында кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты.
Өз учурунда Бакыт Төрөбаев кыргыз тарап 18 тонна кыпчык жүндү органикалык жер семирткич катары кайра иштетүү үчүн Монголияга экспорттоого даяр экенин билдирди.
"Жолугушууда ошондой эле ветеринардык коопсуздук жана мал жандыктардан алынган продукциянын сапатын көзөмөлдөө маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Анын алкагында министрликке караштуу Ветеринардык кызматы менен Монголия өкмөтүнүн Ветеринардык кызматынын башкы башкармалыгынын ортосундагы меморандумга кол коюу маселеси талкууланды.
Аталган документ ветеринардык көзөмөл жана маалымат алмашуу чөйрөсүндө эффективдүү кызматташуунун пайдубалын түптөп, продукциянын сапатынын жана коопсуздугунун жогорку стандартын камсыз кылууга жардам берет", - деп айтылат маалыматта.
Эки тарап тең өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө жана бул багыттар боюнча өнөктөштүктү жигердүү өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти.
