super.kg logo

Медициналык академиянын Баткендеги филиалынын курулушу качан аяктаары айтылды

 
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) Баткен филиалынын курулушу июль айында аяктайт. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынын малымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу-дарылоо комплексинин бюджетинин эсебинен каржылана турган долбоордун болжолдуу баасы - 603, 5 миллион сом.
Жатакананын курулушуна сырткы инвесторлор тарабынан дээрлик 93 миллион сом бөлүнгөн, мындан сырткары, 100 миллион сомго акыркы үлгүдөгү аппараттар менен камсыздалат. Бүгүнкү күндө курулуш иштери 70 пайыз бүткөрүлүп, ушул жылдын июль айына пайдаланууга берилет.
Имараттын курулушу үчүн Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 1,25 гектар жер аянты бөлүнүп берилген.
Курулушу жүрүп жаткан медакедмия эки корпустан турат. Экинчи имарат жатакана болот, анын да курулушу 70 пайыз бүткөрүлгөн. Жатакана жеке ишкер тарабынан демөөрчүлүккө алынган. Бюджети 92 миллион сом болуп, ичиндеги эмеректеринен бери орнотулуп, пайдаланууга берилет.
Бул борбор кѳп профилдүү дарт аныктоочу жана дарылоочу стационар катары курулат. Бейтапкана заманбап жабдуулар менен жабдылып, рентген кабинети, ультра добуштук изилдѳѳ (УЗИ), МРТ, ЭЭГ аппараттары менен камсыз болот.
Ошону менен бирге 200 орундуу конференц-зал, 200 орундуу студенттик жатакана жана 500 кишиге ылайыкталган күндүзгү дарылоо жайы салынат. Окуу-дарылоо комплекси курулуп бүткөндөн кийин 90 адис жумуш орду менен камсыз болот.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: