Бишкек жана Ош шаарларында мугалимдердин алгачкы ыктыярдуу аттестациясы жүргүзүлдү

Маалымдалгандай, тестирлөөгө аттестациялоонун биринчи этабында эксперттик комиссиянын жыйынтыгы менен документтери квалификациялык категорияларга ылайыктуу деп табылган 57 мугалимдин 56сы катышты.
Ага ылайык, Бишкек шаарынан – 1, Ош шаарынан – 8, Баткен облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 15, Ысык-Көл облусунан – 3, Талас облусунан – 4, Ош облусунан - 21, Чүй облусунан – 2 педагог катышты.
"Тестирлөөнүн жыйынтыгында Баткен облусунун Кара-Токой мектеп-гимназиясынын орус тили сабагынын мугалими Нургүл Маманазарова биринчилерден болуп “Экинчи квалификациялык категориядагы мугалим” даражасын тастыктады. Ал эми катышкан калган мугалимдер ар бир бөлүктө 50 пайыздан жогору баа алышты, бирок бул максималдуу упай топтоого жетишсиз", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, тестирлөө Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору тарабынан уюштурулуп, жүргүзүлдү. Максаты- Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык техналогиялардын улуттук борбору тарабынан жасалган алгачкы тажрыйба болгондуктан, алгачкылардан болуп ыктыярдуу аттестациялоого катышкан мугалимдерге ыраазычылык билдиребиз.
Маалымат үчүн: Ыктыярдуу аттестациялоонун биринчи этабына катышуу үчүн республика боюнча 313 мугалим документ тапшырган. Анын ичинен жогорку квалификациялык категорияга – 130 мугалим, биринчи квалификациялык категорияга – 100, экинчи квалификациялык категорияга – 83 арыз берген.
Мугалимдер төмөнкү квалификациялык категорияларды алуу үчүн ыктыярдуу негизде аттестациядан өтүүгө укуктуу:
- экинчи квалификациялык категориядагы мугалим;
- биринчи квалификациялык категориядагы мугалим;
- жогорку квалификациялык категориядагы мугалим.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.