super.kg logo

Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун кызматкерлери менен жолугушту

 

Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев 20-февралда уюмдун Аткаруу комитетинин жаңы курамы менен жолугушту.

Кыргыз футбол союзунан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө Камчыбек Ташиев комитеттин мүчөлөрү менен жакындан таанышып, биргеликте ишке ашырыла турган максаттарды белгиледи.

Мындан сырткары, жолугушуунун катышуучуларына ата мекендик футболдогу негизги чечимдерди кабыл ала турган аткаруучу органдардын мүчөлөрү катары алардын жоопкерчилиги чоң экендигин эске салды.

Ошондой эле КФСтин Аткаруу комитетинин жыйыны 27-февралда болору, анда футбол союзунун башкы катчысы дайындалары маалым болду.

Эске салсак, 19-февралда Кыргыз футбол союзунун президенти болуп Камчыбек Ташиев шайланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: