super.kg logo

Жанар Акаев: "Азыр кыргыз тилинде сүйлөгөн модага айланды" (видео)

 

Бишкекте кыргыз тилинде сүйлөгөн модага айланды. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев айтты.

"Бишкек шаарына көчүп келгениме 14 жыл болуптур. Ошол убакта шаар абдан орусташкан болчу. Көп жерлерде орусча сүйлөнчү. Азыр кыргыз тилинде сүйлөгөн модага айланды. Жаштар деле, улуу муун деле борбордо кыргыз тилинде сүйлөп жатышат. Бул жагынан артка кеткен жокпуз. Кыргыз тилинде сүйлөгөндөргө талап өскөнүн байкап жатабыз", - деди ал.

Ошондой эле Акаев кыргыз тилинде окуткан мектеп, бала бакчалар жетишсиз экенин айтып, Министрлер кабинетинин бош жерлерди бала бакча, мектеп курууга берүү боюнча токтому иштебей жатканын белгиледи.






Жогорку Кеңеш 21.02.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: