Чүйдө бир күндө эки бала бакча пайдаланууга берилди (фото)







Чүй облусунун Маловодное жана Төрт - Көл айылдарында бала бакчалар пайдаланууга берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 21-февралда облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Маловодныйдагы бала бакча 1971-жылы курулган. Имарат болгону капиталдык оңдоодон өтүп, жаңылоого Чүй облусун өнүктүрүү фонду, Сокулук райондук өнүктүрүү фонду жана демөөрчүлөр тарабынан 6 миллион 758 миң сом жумшалган.
Аталган балдар мекемесинин директорунун айтымында, учурда имаратта 90 балага ылайыкташкан 3 уктоочу бөлмө, 3 балдар ойноочу бөлмө, музыкалык бөлмө, директордун кабинети жана ашкана бар. Жылытуу системасы электр жана көмүр менен иштейт.
Ал эми Төрт-Көл айылындагы бала бакча 75 орунга ылайыкталып, 3 уктоочу бөлмөнү, 3 оюн бөлмөсүн, музыкалык залды, медициналык кабинетти, тарбиячылар үчүн кабинетти жана ашкананы өзүнө камтыйт.
Бала бакчанын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 26 миллион сом бөлүнгөн.
"Былтыр Чүйдө жалпысынан 60 социалдык объект пайдаланууга берилген, анын ичинде 840 орундуу 7 бала бакча жана 3 400 орундуу 14 мектеп бар. Быйылкы жылы 78 объекттин, анын ичинде бала бакчалардын, мектептердин, ооруканалардын жана башка социалдык мекемелердин курулуштарын аяктоо мерчемделүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.