super.kg logo

Ошто кайгуул кызматкерин опузалап, 150 миң сом талап кылган жаран кармалды

 

Ош шаарында милиция кызматкерин опузалап, акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, 18-февралда Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсү менен Моминов көчөсүнүн кесилишинде Ош шаарында кайгуул кызматкери 1992-жылы туулган Т.М. аттуу жаранга Укук бузуулар кодексинин "Жөө жүргүнчү жол эрежесин бузгандыгы үчүн" беренеси менен протокол түзгөн.

Бул учурду Т.М. өзүнүн уюлдук телефонуна видеого тартып алып, Ош шаардык милициясынын башчысынын наамына ага карата протокол түзгөн кызматкердин үстүнөн арыз жазып кайрылган. Арыз Ош шаардык ички иштер бөлүмүндө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлө баштаган.

Андан кийин Т.М. аттуу жаран аталган жагдайдагы видео тасманы интернет тармагына чыгарам деп коркутуп, кайгуул кызматкеринен 150 миң сом талап кылганы аныкталган.

Анын аракетинде Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап талап кылуу" беренесинде каралган кылмыштын курамы байкалгандыктан кылмыш иши козголгон.

Ал 20-февралда милициянын ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан 40 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалды.

Шектүү Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Тергөө амалдары уланууда.






Ошто милиция кызматкерин опузалап, 150 миң сом талап кылган жаран кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: