Башкы прокуратура: "Ноокатта мыйзамсыз менчикке өткөн бала бакча мамлекетке кайтарылды"
Ош облусунун Жаңы-Ноокат айылында мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда Башкы прокуратурадан маалымдашты.
Ага ылайык, бала бакчанын мыйзамсыз менчикке өткөнү Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө аныкталган.
"Ноокат райондук сотунун 2011-жылдагы чечими менен Жаңы-Ноокат айыл аймагында жайгашкан эки кабаттуу бала бакчанын имараты жана 0,32 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө М.Т. аттуу жарандын жеке менчик укугу катары таанылып, ага укук күбөлөндүрүүчү документтер берилгендиги аныкталган.
Райондук прокуратура тарабынан келтирилген апелляциялык сунушту кароонун жыйынтыгы менен райондук соттун жогоруда аталган чечими жокко чыгарылган", - деп айтылат маалыматта.
Жыйынтыгында баасы 33 миллион 211 миң сомду түзгөн бала бакчанын имараты жана 0,32 гектар жер тилкеси Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кайтарылды.
