Олимпиадага даярданып жаткан балбан кыздарга дары-дармек жетишсиз болуп жатканы айтылды






Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жогорку кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров менен кыз-келиндердин күрөш залына барды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Маалымдалгандай, аларды Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча департаменти чакырган. Сапардын алкагында олимпиадага даярдык менен таанышып чыгышып, көйгөйлөр, аны чечүү жолдору талкууланды.
Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча департаменттин директору Мелис Тобокелов менен улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков спортчуларга витамин, дары-дармек сатып алуу кечеңдеп жатканын маалымдашкан.
Алардын айтымында, каржылоо өз деңгээлинде каралганы менен керектүү дары-дармекти сатып алуу боюнча тендер арыздар түшпөгөндүктөн өтпөй калган.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев витамин, дары-дармек сатып алууну каржылоону Саламаттык сактоо министрлиги жүргүзбөй турганын айтып, "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына дары-дармекти түз сатып алууга мүмкүндүк бере турган Министрлер кабинетинин буйругун даярдоону сунуштаган.
