Бишкекте Эл аралык эне тил күнү белгиленди






Бишкек шаарында Октябрь районунун "Таберик" залында Эл аралык эне тил күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Иш-чарага мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев, мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова катышты.
"Көрүүчүлөргө "Ар бир элдин тили – бүткүл адамзаттын мүлкү" деген темада видеоролик көрсөтүлдү.Мындан тышкары, коноктор үчүн ар түрдүү этностордун номерлерин аткаруу менен концерт уюштурулду", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле "Кыргыз руху", "Таберик" жана "Сувенир" сыяктуу ансамблдер талантын тартуулашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.