super.kg logo
  Саясат  

Парламент Бишкек менен Оштун депутаттарынын укуругун кыскарткан долбоорду четке какты

 

Бүгүн, 21-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Анда Бишкек жана Ош шаарынын мэрлерине шаардын бюджетин шаардык кеңештин депутаттарынын талкуусу жок, өзү бекитүү, мамлекеттик органдардын шаардагы башкармалыктарынын жетекчилерин дайындоо жана кызматтан алуу, тарифтерди өз алдынча бекитүү укуктарын берүү сунушталган. Ошондой эле шаардык кеңештин депутаттары мэрдин отчётун угуу, вице-мэрлерге ишеним көрсөтпөө укугунан ажыратылмак.
Депутат Марлен Маматалиев бул сунушту сынга алып, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын "канат-куйругу кыркылып", шаарда ит-мышыкты багуу тартибин аныктоо укугу гана каларын айтты. Эл өкүлү Айбек Осмонов мындай демилге Конституцияга каршы келерин, эгер бардык укукту мэрге бергиси келип жатса алгач шаардык кеңештерди жоюп салуу керектигин билдирди. Мындай мыйзам кабыл алынса мэрияны "болуштук" деп атап койгула деген Нуржигит Кадырбеков мэрлер "жарым паша" болуп коррупциянын башаты ушул болорун белгиледи.
Натыйжада мыйзам долбоору суроо-талкуусу жок эле көпчүлүк добуш менен четке кагылды. Документке 71 депутат “каршы”, үч депутат “макул” деп добуш берди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: