super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Татарстандын башчысы менен жолугушту

 
Өлкө башчы Садыр Жапаров Казань шаарында "Келечек оюндары" биринчи эл аралык мультиспорттук мелдешинин алкагында Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, Садыр Жапаров жолугушуунун алдында Казань Кремлиндеги ардактуу меймандар китебине жазуу калтырды.

Тараптар Кыргызстан жана Татарстандын ортосундагы эки жактуу кызматташтыкты тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө тийиштүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Жапаров жана Минниханов өз ара аракеттешүүнүн азыркы деңгээлине канааттангандык билдиришип, өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө даярдыктарын белгилешти.

Кызматташтыктын соода-экономикалык алакалар, илимий-техникалык кызматташуу жана маданий-гуманитардык байланыштар сыяктуу аспектилерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу жана өнөктөштүктүн мындан аркы өнүгүшүн өбөлгөлөө үчүн Жол карталарын жаңыртуу маанилүүлүгүн баса көрсөтүштү.

Ошондой эле Садыр Жапаров жана Рустам Минниханов Кыргызстан жана Татарстан элдеринин ортосунда маданий алакаларды чыңдоо, спорт жана маданият жаатында тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгү тууралуу бирдиктүү пикирлерин билдиришти. Буга байланыштуу 2024-2025-жылдары өз ара Маданият күндөрүн өткөрүү чечими кабыл алынды.

Жапаров Миннихановду салттуу спорт түрлөрүн жана киберспорт, робототехника жана жасалма интеллект тармагындагы алдынкы идеяларды бириктирүүнүн көрсөткүчү болгон «Келечек оюндары» биринчи эл аралык спорттук турнирин ийгиликтүү уюштурушу менен куттуктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: