super.kg logo

Чүйдө 400дөн ашуун тургун кызыл китеп алды (фото)

 

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ак-Босого, Теңдик, Салкын-Төр конуштарынын 400дөн ашуун тургунуна жер тилкелерине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар берилди. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү документти президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев тапшырып, президенттин тапшырмасы менен облуста жер мунапысы боюнча иштер активдүү уланып жатканын белгиледи. Кийинки этап дачалардагы тилкелерди мыйзамдаштыруу болмокчу.

"Бүгүнкү күндө облус боюнча жер мунапысы боюнча 42 миңден ашык арыз келип түшкөн, коомдук билдирүүдөн 27 миң 590 арыз өтүп, 19 миң 641не чечим чыгарылган", - деп айтылат билдирүүдө.

Иш-чарадан кийин тургундар президент Садыр Жапаровго жана бир катар мамлекеттик кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдирип, үйлөрүнө жакшы маанайда тарап кетишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: