super.kg logo

ТИМ: "Казакстанда жол кырсыгына кабылгандар өлкөгө алып келинди"

 

Кечээ, 21-февралда Казакстанда жол кырсыгына кабылгандар өлкөгө алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз жарандарынын катышуусундагы кырсык ушул жылдын 10-февралында коңшу өлкөнүн Кызылорда облусунун Арал районунда болгон.

"Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу жана Шымкент шаарындагы Ардактуу консулдугу жол кырсыгына кабылган Кыргыз жарандарын Шымкент шаарындагы кыргыз диаспорасы менен тыгыз кызматташтыкта мекенине ийгиликтүү алып келишти", - деп айтылат билдирүүдө.

Жол апаатынан жабыркаган мекендештер андан ары зарыл медициналык жардам алуу үчүн Кордай менен чектешкен "Ак-Жол - автодорожный" өткөрмө пунктунда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилгени кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: