Садыр Жапаров Орусияда уюштурулган "Келечектин оюндарынын" ачылышында кыргызча кайрылды
Кечээ, 21-февралда Орусиянын Казань шаарында уюштурулуп жаткан “Келечектин оюндарынын” ачылыш аземине алты мамлекеттин лидерлери катышып
, ар бири спортчуларга эне тилдеринде кайрылды.
Анда өлкө башчы Садыр Жапаров спортто күчтүүлөр гана жеңерин айтты.
"Спорт - дүйнөнүн элчиси, спорт бул ден соолуктун булагы деп жөн жеринен айтылган эмес. Баарыңыздарга биринчи кезекте ынтымак, экинчи кезекте ден соолук каалайм. Спортто дайыма күчтүүлөр жеңет, күчтүүңөр жеңгиле. Баарыңарга ийгилик каалайм", - деди Жапаров.
Ал эми коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев казакча сүйлөп, кийинки оюнду Казакстанда өткөрүүнү сунуштады.
Турнирге 107 өлкөдөн келген 270тен ашык команда жана 2000ден ашуун спортчулар катышууда.
Бүгүн, 22-февралда мамлекет башчысынын Орусияга болгон сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди.
22.02.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.