Жогорку Кеңеште аскер кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды
Бүгүн, 22-февралда Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Жогорку Кеңеште аскер кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Ага ылайык, эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов өз тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымы, жигердүү имшердиги жана талыкпаган эмгектери үчүн бир катар кызматкерлерге Жогорку Кеңештин ардак грамотасын, "Жогорку Кеңешке 85 жыл" юбилейлик медалдарын жана ыраазычылык каттарды тапшырды.
Депутат куттуктоо сөзүндө мекен чегинде турган аскер кызматкерлерине, өзгөчө кырдаалдардагы куткаруу иштеринде эрдик көрсөткөндөргө терең ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады.
"Сиздердин мекен үчүн жасап жаткан эмгектериңиз баа жеткис. Мындан ары дагы элибизге ак кызматыңыздарды аткарып, ар дайым бекем ден соолукта болуңуздар", - деди Улан Примов.
Белгилей кетсек, сыйлыктар Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлерине тапшырылды.
