super.kg logo

Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев УКМК тарабынан кармалды

 

«Беш-Сары» ЖЧКсынын негиздөөчүсү салык төлөөдөн качуу жана алдамчылык менен кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМК козголгон кылмыш ишинин алкагында «Беш-Сары» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Ж.К. тарабынан уюштурулган (Аталган фирма- Ош базарынын аймагында эки соода үйүнө ээ жана көмүр жеткирип турат), өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуунун механизмдерин аныктады.

"Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жетекчиликтин көрсөтмөсү менен «Беш-Сары» ЖЧКсынын администрациясы көп жылдардан бери кош бухгалтердик эсепке алуу иштерин жүргүзүп келгени аныкталган. Ижара келишимин түзүүдө формалдуу түрдө төмөндөтүлгөн сумма белгиленген, ал эми иш жүзүндөгү наркы расмий түрдө көрсөтүлгөндөн бир нече эсе жогору болгон. Реалдуу баанын өлчөмү соодагерлер үчүн сезилээрлик деңгээлде байкалып, бул базарда сатылып жаткан товарлардын кымбатташына да алып келген", - деп жазылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Ошондой эле, «Беш-Сары» ЖЧКсынын бухгалтериясы салыктык отчеттуулук документтеринде соода жайлары үчүн алынган пайданы жасалма түрдө төмөндөтүп, салык органдарына жалган маалыматтарды берип келген.

Мисалы: Иш жүзүндө ижарачы "Беш Сары" ЖЧКнын администрациясына 1 соода түйүнү үчүн 16 100 сом төлөйт, бирок келишим боюнча төмөндөтүлгөн сумма – 9600 сом деп көрсөтүлүп турат, андан сырткары фискалдык органдар үчүн отчеттук документтерде– 4800 сом башка сумма көрсөтүлгөн, алынган пайданы төмөндөтүү 280% га жакынды түзөт.

"Белгилей кетсек, ишкерлерге документтин экинчи нускасы берилген эмес, соода түйүндөрүн өз каражаттарынын эсебинен оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн ижарачылардын ижарага алуу укугун жана шарттарын тастыктаган документтери жок болгон. Башкача айтканда, «Беш-Сары» ЖЧКсынын жетекчилиги соода жайын каалаган убакта башка ижарачыга өткөрүп бере алган", - деп кошумчалашты УКМКдан.

Кечээ, 21-февралда Ж.К. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмыштын башка фактыларын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: