Кытайда жүк ташуучу кеме көпүрөнү сүзүп, унаалар дарыяга кулады (видео)
Коңшу Кытайдын Гуанчжоу шаарында жүк ташуучу кеме көпүрөнү сүзүп, кпүрөдөгү унаалар дарыяга кулады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Бүгүн, 22-февраль күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 05:30 чамасында Гуанчжоунун Нанша районунда жүк ташуучу кеме автожол көпүрөсүн сүзгөн. Кагылышуунун кесепетинен көпүрөнүн бир бөлүгү урап, көпүрөдөгү унаалар сууга түшүп кеткен.
Жергиликтүү маалымат каражаттары көпүрөнүн урашынан улам автобус дагы дарыяга кулаганын жазышууда. Ичинде айдоочу гана болгон, анын тагдыры белгисиз.
Учурда издөө-куткаруу иштери жүрүүдө.
Кытайда жүк ташуучу кеме көпүрөнү сүздү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:59
2025-06-27
10:59
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.