Ысык-Көлдө окуучуга кол көтөргөн мектеп директорунун окуясы териштириле баштады
Ысык-Көл облусунун Түп районунда окуучуга кол көтөргөн мектеп директорунун окуясы териштириле баштады. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда облустук Ички иштер башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-февралда Түп районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылып, анда ал 2008-жылы туулган уулун мектеп директору кабинетине киргизип, кол көтөрүп, сөгүп, денесине жараат келтиргенин айткан. Арыз ээси буга байланыштуу мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүнгөн.
"Арыз каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Териштирүүдө окуучу директор сабак өтүп жатканда сабакка кечигип келген жана сырткы кийимин чечпей телефон кармап отуруп алган. Буга ачууланып, мектеп директору окуучуну чаап жиберген.
Экспертизанын жыйынтыгы менен окуяга юридикалык баа берилет”, - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
