23-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Эртең, 23-февралда өлкөнүн айрым аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Маалымдалгандай, түнкүсүн Жалал-Абад, Чүй, Талас облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт.
Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдорго муз тоңот.
Абанын температурасы:
Чүй жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1 градус,
Талас аймагында түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5 даража болсо,
Баткен, Ош, Жалал-Абад адубандарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6ге чейин жылыйт.
Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4,
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7.
Ал эми борбор калаа Бишкекте күндүз кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 0…-2 градус болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
