Акыйкатчы абактагылардын укуктарын коргоого чакырды
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жабык мекемелерде жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын укуктарын камсыздоого чакырды.
Акыйкатчы институтунан билдиргендей, акыйкатчыга абакта жазасын өтөп жаткан К.К. аттуу соттолуучунун жубайы кайрылган. Ал жолдошунун укуктары бузулганын айтып арызданган.
Анын айтымында, дарыгерлердин оор жумуш кылууга тыюу салгандыгына карабастан жаза аткаруу кызматынын №43 мекемесинде К.К.ны оор жумуш жасоого жөнөтүшкөн. Соттолуучудан кургак учуктун жабык түрү аныкталып, дарыгерлер өпкөсүнүн бир бөлүгүн алып салышкан.
Операциядан кийин дарыгерлер аны оор жумушка жараксыз деп таап, жаза аткаруу кызматынын №43 мекемесине жөнөткөн. Ал курулуш иштерине тартылган. Соттолгон жарандын жубайы Акыйкатчыга К.К.нын укуктарын коргоп берүүсүн өтүнүп кайрылган.
Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарга адам укуктарын сактоону камсыздоо талабы менен расмий кат жолдогон. Мындан соң соттолуучу оор жумуштан бошотулуп, жабык мекеменин кызматкерлерине карата Жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги тарабынан чара көрүлгөн.
"Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды соттолгондордун майып статусун алуу укуктарын караган документти кабыл алууну тездетүүгө чакырат", - деп айтылат маалыматта.
