super.kg logo
  Саясат  

Меморандумга кол коюшту. Билим берүү жана Транспорт министрликтери кызматташат

 
Бүгүн, 22-февралда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев менен жолугушту. Бул тууралуу Билим жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, тараптар Билим берүү жана илим министрлиги менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.
"Меморандум жол жана транспорт тармагындагы кадрдык потенциалды чыңдоого жана кадрдык тартыштыкты жоюуга, артыкчылыктуу инновациялык долбоорлорду биргелешип иштеп чыгууга, илимий-изилдөө иштеринин натыйжаларын практикалык колдонууга багытталган.
Министр Догдуркүл Кендирбаева дуалдык окутуу формасы студенттерге окууну практикалык иштер менен айкалыштырууга мүмкүндүк берерин айтты", - деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, Догдуркүл Кендирбаева И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин адистерин кайра даярдоо заманбап стандарттарга ылайык, эл аралык деңгээлдеги компетенцияларга ээ болууга мүмкүндүк берерин белгиледи.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: