super.kg logo

Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун директорунун орун басары жана бөлүм башчысы кармалды

 

Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун директорунун орун басары жана бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-февралда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча аталган фонддун башкаруу боюнча дирекциясынын директорунун орун басары К.Р.А. жана бөлүм башчысы У.Т.У. Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"Балыкчы шаарында бетон заводун курууга 5 жылдык мөөнөткө 6 миллион сом өлчөмүндө үстөксүз ссуда бөлүнүп, бирок насыя алуучу каражатты максатсыз пайдаланган. Алдын ала маалыматтар боюнча, негизсиз берилген пайызсыз ссудалардын жалпы көлөмү болжол менен 31,5 миллион сомду түзөт.

Учурда УКМК тарабынан Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын ушундай эле мыйзам бузуу фактыларын аныктоо боюнча текшерүү иш-чаралары улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Башкы прокуратура Ысык-Көл өнүктүрүү фондунда коррупциялык схема аныкталганын маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: