super.kg logo
  Саясат  

"Коррупция жана ири өлчөмдө жасалган алдамчылык кылмыштары эскирбейт". Садыр Жапаров мыйзамга кол койду

 

Президент Садыр Жапаров "Кылмыш-жаза жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, коррупция жана ири өлчөмдө жасалган алдамчылык кылмышынын эскирүү мөөнөтү мыйзамдан алып салынды. Ошондой эле эскирүү мөөнөтү уюшкан топ ишенип берилген ири жана өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү ыйгарып алса же коротсо да колдонулбайт.

Аталган мыйзам былтыркы жылдын 28-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам менен Кылмыш-жаза кодексинин 58-беренесинин 6-бөлүгү (эскирүү мөөнөтү колдонулбаган кылмыштардын тизмеси) жаңы редакцияда баяндалды, ага ылайык аталган берене төмөнкү беренелер менен толукталды:

– 209-берененин 3, 4-бөлүктөрү менен (уюшкан топ тарабынан, кылмыштуу коомдоштуктун курамында, кызматтык абалын пайдалануу менен, ири жана өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык);

– 210-берененин 3, 4-бөлүктөрү менен (уюшкан топ тарабынан, кылмыштуу коомдоштуктун курамында, кызматтык абалын пайдалануу менен, ири жана өзгөчө ири өлчөмдө ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу);

– 215-берененин 3-бөлүгү менен (адамдардын тобу тарабынан, алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү);

– 336-беренеси менен (Коррупция).

Ошондой эле Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренеси эгерде кылмыш менен келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулбаса, кылмыш куугунтугунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен кылмыш ишти токтотууга жол берилбей тургандыгы боюнча бөлүк менен толукталды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: