super.kg logo

Ошто ишкерди коркутуп, унаасын тартып алган жаран кармалды 

 

Ошто ишкерлерге үстөмдүк көрсөткөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга жеке ишкердик менен алектенген жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында “Э” аттуу жаран коркутуп, ага таандык Toyota Corolla үлгүсүндөгү унаасын тартып алгандыгын билдирген.

Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, 2021-жылдын август айында жабырлануучуга А.у.Э. жана Р.Э. барып, аны коркутуп кетишкен. Ошол эле күндүн кечинде алар жабырлануучу менен жолугуп, анын унаасын тартып алышкан. Кийин унааны 340 миң сомго сатып жиберишкен.

Бул факты боюнча А.у.Э. 20-февралда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал буга чейин 7 жолу соттолгону маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: