super.kg logo

Нарында тоют таңкыстыгын алдын алуу үчүн 191 тонна жем-чөп даярдалды

 

Нарын жана Ат-Башы райондорунда кургак чөптүн жана жемдин кору камдалууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалымдалгандай, аталган министрлик Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында кыш мезгилинде тоют тартыштыгын жөнгө салуу максатында алгачкы пилоттук долбоорун Нарын облусунан баштады.

"Нарын жана Ат-Башы райондорунда кургак чөптүн жана жемдин кору камдалууда. Даярдалган тоюттар аталган райондордо малдын жутчулугу же ар кандай өзгөчө кырдаал катталган учурда тургундарга, малчыларга берилет. Бирок тоютту алган тарапка кийинки жылы кайтарып берүү талабы коюлат", - деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.

Долбоордун алкагында Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл аймагына караштуу Өзгөрүш айылынын кампасына – 74 тонна жем, 77 тонна чөп түшүрүлүп, ал эми Эмгекчил айылында 40 тоннадан жем-чөп кору даярдалганы кабарланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: