super.kg logo

Бишкекте "китеп той" болуп өттү

 
Бүгүн, 22-февралда Бишкектеги ресторандардын биринде "китеп той" болуп өттү. Уюштуруучулардын айтымында, максаты элди ысрапкорчулуктан билимге үндөө. Өлкөдө ысрапкерчилик менен өткөн тойлордон айырмаланып, бул той интеллектуалдык багытта уюштурулган.

Анда келген коноктор үчүн концерттик программалар уюштурулуп, кечеге атайын чакырылган сыйлуу коноктор сөз сүйлөдү. Алсак, Гапыр Мадаминов, Нуржигит Кадырбеков, Райымжан Курбановдор китепке болгон ойлору менен бөлүштү. Интеллектуалдык тойду белгилүү актёр Жаныш Майрамбек уулу алып барды.

Кече "Алтын Нур" ансамблинин дүйнөлүк жана кыргыз музыкаларын ойноосу, жаш ырчы Ырыскелди Сатыбалдиевдин кыргыз ырларын аткаруусу, кызыктуу оюндар менен коштолду.

Атайын чакырылган коноктордон алгач бүтүндөй журттун мугалими аталган Гапыр Мадаминов сөз сүйлөп, технология заманында китептер санариптештирилсе дагы кагаз китептин артыкчылыктары көп болорун айтты.

Андан соң, "Кыргыз тили" коомунун президенти Райымжан Курбанов катар келген 21-февраль эне тил күнү, бүгүнкү китеп той жана келе жаткан ата мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, кыргыз ырларынан көркөм окуп өттү. Жогорку Кеңештин депутаты, жазуучу Нуржигит Кадырбеков өзүнүн "Мен атамды таптым" китеби менен тааныштырып кетти.

Ошондой эле китеп жарманкеси уюштурулуп, келген конокторго жаккан китептерин сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: