Бишкекте мончолор текшерилүүдө






Бишкек шаарынын аймагында тыюу салынган буюмдарды өрттөө боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районундагы "Кызыл-Аскер", "Ак-Ордо" конуштарындагы жана Ош базарынын аймагындагы мончолор текшерилди. Натыйжада тыюу салынган буюмдарды өрттөө фактысы аныкталып, 23 миң сом айып пул салынды.
Ал эми Октябрь району боюнча эки күндүк рейддин жүрүшүндө 30 чарбакер субъект текшерилип, 8 протокол түзүлүп, 106 миң 500 сомго айып салынды. Биринчи май району боюнча 2 протокол 30 миң 500 сомго, Свердлов району боюнча 1 протокол 7 500 сомго түзүлдү.
Жалпысынан "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесинин негизинде 167 миң 500 сом айып салынды.
Мындан тышкары, тыюу салынган буюмдарды өрттөөгө жол бербөө боюнча жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
