Өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын баасы эмнеге көтөрүлдү. Антимонополиянын жообу
Өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын чекене баасынын бир аз жогорулашы Орусиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордо сатуу бааларынын жогорулашына байланыштуу. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, бул өз кезегинде коңшу мамлекеттерде жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшүндө суроо-талаптын өсүшү менен да байланыштуу.
"Коңшу мамлекеттер, анын ичинде Өзбекстан жана Тажикстан Орусиянын мунай иштетүүчү заводдорунан бензин жана дизель майын сатып алышат. Учурда бензин жана дизель майы рыногунда абал туруктуу. Нефть продуктыларын ташып келүү план боюнча үзгүлтүксүз аткарылып жатат. Эч кандай тартыштык жок", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.