Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгына жаңы башчы дайындалганы маалым болду
Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп Нурбек Калыкеев дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.
Мекеме буга чейин Калыкеевдин аталган кызматка дайындалгандыгы тууралуу маалымдаган эмес. Министрликтин Балыкчы шаарында Коомдук коопсуздукту камсыздоо кызматы катышкан тегерек стол өткөндүгү тууралуу маалыматында Балыкчы ШИИБдин башчысы катары Нурбек Калыкеев көрсөтүлгөнүн байкоого болот. Айрым маалыматтарга караганда, ал 16-февралдан тарта кызматына киришкен.
Нурбек Калыкеев ортодо
Нурбек Калыкеев 1972-жылы 15-сентябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. Ал Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин (КУУ) юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.
2018-жылдын майынан 2021-жылдын октябрына чейин - Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары,
2021-жылдын октябрь айынан тарта 2023-жылдын ноябрь айына чейин Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгынын башчысы,
2023-жылдын 4-ноябрынан баштап 2024-жылдын февралына чейин Жалал-Абад облусунун Токтогул РИИБинин башчысы болуп иштеп келген.
Эске салсак, Балыкчы ШИИБдин буга чейинки башчысы Бектур Осмонбаев жашы жете элек жөө жүргүнчүнү сүзүп кетүү фактысы боюнча 27-январда ээлеген кызматынан бошотулган.
26-январда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 5-класстын окуучусун жол тандабас сүзүп, айдоочу токтобостон качып кеткен. Унааны Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев башкарып бара жатканын жабырлануучу кыздын атасы айтып чыккан. Кийин ал кармалган.
Ошондой эле бул кылмышка бир шектүү катары Бектур Осмонбаевдин агасы Бекзат Казаков дагы кармалган.
