super.kg logo

Түркиядагы жер титирөө: Подрядчы 18 жылга кесилди

 

Былтыр Түркиянын түштүк-чыгышындагы жер титирөөнүн натыйжасында имараттардын урашына байланыштуу биринчи сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу түрк басылмалары жазды.

Ага ылайык, сот Түркиянын Шанлыурфа шаарында былтыр февралда болгон жер титирөөнүн кесепетинен турак жайдын урап калышына жооптуу подрядчикти 18 жыл 1 ай 15 күнгө эркинен ажыраткан.

Доочулардын өкүлдөрү Шанлыурфада кулаган үйдүн курулушуна жетекчилик кылган Муслим Демирердин эң жогорку жазага тартылышын талап кылышты. Кыйроонун натыйжасында 34 адам каза болуп, дагы 10 адам жаракат алганы белгиленген.

Сот алгач Демирерди 21 жыл 9 айга эркинен ажыраткан. Бирок анын уулу да үйдүн урандылары астында каза болгонун эске алып, сот жазаны жеңилдеткен.

Бул өкүм Түркиянын түштүк-чыгышындагы жер титирөөдөн улам бир турак жайдын кыйрашы үчүн жооптуу адам биринчи жолу жазаланганын белгиледи. Түркиянын соттору учурда ушул сыяктуу ондогон иштерди карап жатат.

Буга чейин ондогон подрядчылар жана жер титирөөдө кыйраган үйлөрдү курууга жооптуулар кармалган. Түркиянын мурдагы юстиция министри Бекир Боздаг кырсыкка алып келген шалаакылык үчүн эч ким жазасыз калбай турганын баса белгилеген.

1999-жылы 18 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган катуу жер титирөөдөн кийин Түркия турак жайларды куруу эрежелерин катаалдаткан.

Өткөн жылдын 6-февралында Кахраманмараш облусунда күчү 7,7 жана 7,6 баллга жеткен жер титирөөлөр Түркияда гана эмес, Сирия баш болгон коңшу өлкөлөрдө да кыйроолорго жана жоготууларга алып келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: