Александр Лукашенко кийинки президенттик шайлоого катышарын айтты
Беларустун мамлекет башчысы Александр Лукашенко 2025-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коё турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Эл өкүлдөр палатасынын депутаттарын шайлоого келген Лукашенко журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берген. Андан кийинки мөөнөткө барар-барбасын сураганда бара турганын айткан.
“Барам, барам, барам. Тигилерге (ред: оппозиция) да айтып койгула, мен бармын", - деген Лукашенко.
Белгилей кетсек, бүгүн Беларуста парламентке жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө.
Видео: SPUTNIKBY
Видео: SPUTNIKBY
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:59
2025-06-27
10:59
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.