Бишкекте үч бир тууган изделүүдө
Бишкекте үч бир тууган Раяна Марукова, Мусабек жана Исабек Маруковдор изделүүдө. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Кабарлангандай, 24-февралда милицияга Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал 2009-жылы туулган кызы Раяна Марукова жана 2012-жылы төрөлгөн уулдары Мусабек жана Исабек Маруковдор ошол күнү Бакаев көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирип, табууга көмөктөшүүнү өтүнгөн.
Раяна Марукованын белгилери: бою 165 сантиметр, арык чырай, чачы күрөң. Кийими: кара куртка, кара топу.
Мусабек Маруковдун белгилери: бою 130 сантиметр, арык чырай, чачы кара. Кийими: көк куртка (кызыл өңдөрү бар), боз топу.
Исабек Маруковдун белгилери: бою 130 сантиметр, көк куртка (жашыл өңдөрү бар), көк топу.
Милиция дайынсыз болуп жаткан балдарды көргөндөр болсо, 0(312) 35-29-47, 0(777) 86-97-97, 0(700) 86-09-09, 0(773) 90-94-65 же 102 номерлеринин бирине кабар берүүнү өтүнөт.
