Кыргызстандык дарыгерлер айына жетпей төрөлгөн ымыркайлардын көзүнө операция жасашты (сүрөт)





23-февралда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда (NCOMiD) ретинопатиясы бар айына жетпей төрөлгөн ымыркайлардын көзүнүн торчосунун лазердик коагуляциясы боюнча эки операция ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.
Маалым болгондой, айына жетпей төрөлгөндөрдүн ретинопатиясы бул (РП) – көздүн жарыкка сезгич кабыкчасында (торчодо) кан тамырлардын пайда болушунун бузулушунан улам эрте төрөлгөн ымыркайларда көздүн аномалиясы болуп саналат.
Ага ылайык, операциялар Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун жана Швейцариянын Кызыл Крестинин активдүү колдоосу менен казакстандык кесиптеши, доктор Асел Шарипова менен биргеликте ишке ашырылган.
"Буга чейин Алматыда Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун, Швейцариянын Кызыл Крестинин жана L'Occitane Фондунун жигердүү колдоосу менен Эне жана бала Улуттук борборунун офтальмология бөлүмүнүн эки дарыгери эрте төрөлгөн ымыркайлардын ретинопатиясын скринингдик изилдөө боюнча окуудан ийгиликтүү өтүп келишкен.
Алардын бири кийинки курстан өткөндөн соң айына жетпей төрөлгөндөрдүн ретинопатиясын хирургиялык дарылоо технологиясын ийгиликтүү өздөштүрүп келген", - деп кошумчалады аталган борбордон.
Ошондой эле, республика боюнча эффективдүү скринингди уюштуруунун алкагында ЮНИСЕФ фондунун колдоосу менен Ош жана Кызыл-Кыя шаарларынын адистери да Алматы шаарында эрте төрөлгөн ымыркайлардын ретинопатиясын скрининг боюнча окуудан ийгиликтүү өтүп келишти.
