Арзыбек Кожошев 2050-жылга чейин ЕАЭБде транспортту декарбонизациялоо иштери тууралуу БУУда сөз сүйлөдү (видео)
ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев башында турган Евразия экономикалык комиссиясынын делегациясы БУУнун Европалык экономикалык комиссиясынын Ички транспорт боюнча комитетинин 86-сессиясынын отурумуна катышты.
Иш-чаранын негизги темасы транспортту декарбонизациялоо болду.
"Бүгүнкү күндө Евразия экономикалык биримдиги аймактык бирикме катары заманбап өнүгүү тенденцияларына, анын ичинде санариптештирүү жана климаттык күн тартибине ылайык, глобализациянын жаңы моделинде туруктуу бекемделүүдө", - деди Арзыбек Кожошев.
Ал ЕАЭБ жөнүндө келишим менен жөнгө салынган евразиялык интеграциянын көпчүлүк багыттары тиешелүү сегментти камтый тургандыгын айтып, өнөр жай кооперациясына, агро өнөр жайга, техникалык жөнгө салууга, энергетикага, транспортко тиешелүү экендигин билдирди.
Арзыбек Кожошев билдиргендей, глобалдык технологиялык трансформациянын шартында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн сактоо жана дүйнөлүк экономиканын структурасын үч негизги багыт боюнча өзгөртүү жөнүндө сөз болууда. Алар технологиялык суверенитет жана технологиялык трансформация, өнөр жай кооперациясы жана технологиялар трансфери, климаттык технологиялар банкын түзүү жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө жашыл долбоорлордун критерийлери.
Ошол эле учурда жети иш багыты аныкталган:
- көмүртектерди жөнгө салуунун биргелешкен рыноктук жана рыноктук эмес механизмдерин түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- транспортто, энергетикада, металлургияда, химиялык өнөр жайда, курулушта жана айыл чарбасында аз эмиссиялуу трансформацияны стимулдаштыруу боюнча чараларды аныктоо;
- климаттык технологиялардын жана санариптик демилгелердин банкын түзүү, евразиялык аз көмүртектүү өнүктүрүү демилгелерин жана “жашыл” каржылоону илгерилетүү.
ЕЭК министри белгилегендей, климатты коргоо боюнча иш-чараларды тең салмактуу ишке ашыруу өлкөнүн жалпы келечегине салым болуп келет.
Ошондой эле Комитеттин сессиясынын алкагында ЕЭК министри менен БУУнун Европалык Экономикалык комиссиясынын аткаруучу катчысы Татьяна Молчан, Сауд Аравия Королдугунун Транспорт министри Салех бин Нассер Аль-Жасердин жумушчу жолугушуулары болуп өттү. Анда транспорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланып, келечектеги кызматташуунун негизги багыттары белгиленди.
Арзыбек Кожошев 2050-жылга чейин ЕАЭБде транспортту декарбонизациялоо иштери тууралуу БУУда сөз сүйлөдү
