super.kg logo

Эмгек министринин мурдагы орун басары Улан Чаначев абакта калтырылды

 
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин мурдагы орун басары Улан Чаначев 29-мартка чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, райондук сот анын баш коргоо чарасын тандап, 29-мартка чейин УКМКнын тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган.
Буга чейин УКМК министрликтин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акчаны мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталып, Чаначев кармалганын билдирген. Андан соң ал ээлеген кызматынан бошотулганы, тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгону маалым болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: