super.kg logo

Жогорку соттун төрагасы Базарбеков сот реформасынын жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу маалымат берди

 

Бүгүн, 26-февралда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков маалымат жыйын берди. Анда ал сот реформасы кандай жүргүзүлүп жатканын айтты.

Базарбеков коомчулукта соттор көз карандысыздыкка жете элек деген пикирлер айтылып жатканын белгилеп, өз учурунда буга кошула турганын, анткени соттор көз карандысыздыкка толук жетти деп сот реформасынын жыйынтыгы менен айтуу туура болорун билдирди.

"Көз карандысыздыкка жетиш үчүн коомчулук, мамлекет тарабынан талап кылынган соттук реформаны алдыга жүргүзүүнү аракет кылып жатабыз. Көпчүлүк "айтылган сот реформасы жүрбөй жатат" деп айтууда, жок анда биз жаңылышкан болот элек. Анткени "ушул соттор көз карандысыз болсо экен, соттор элдин чөнтөгүнө, тыйынына көз артпаса, пара албаса, коррупцияга аралашпаса экен" деп мамлекет сот реформасынын биринчи кадамы катары соттордун эмгек акыларын көбөйтүп берди. Көпчүлүк айтышы мүмкүн "ушу дагы сот реформасыбы?" деп, ооба бул туура коюлган кадам, сот реформасы. Ошол эле Сингапурда же өнүккөн өлкөлөрдө, кошуна мамлекеттерде сот реформасы катары соттордун айлыктарын көбөйтүшкөн",-деди Базарбеков.

Мындан тышкары ал сот реформасынын экинчи, үчүнчү кадамдары тууралуу да кошумчалады.

"Сот реформасынын экинчи кадамы бул - сотторду ротациялоо. Тактап айтканда, соттор өзүнүн туулуп өскөн жеринде же кошуна айылдарында иштешпесин, Кыргызстандын бүтүндөй аймактарында иштеп, көз карандысыз болуп, адилеттүү, мыйзамдуу чечим кабыл алышса деген максат менен ротациялоо.

Ал эми үчүнчү сот реформасынын кадамы - соттордун ишинин сапатын алдыга жылдыруу. Аны жогорку деңгээлге чыгарып элдин ишенимин актоо. Учурда соттордун ишинин сапатын жогорулатуу өтө көп убакытты, көптөгөн түйшүктү, эмгекти талап кылган кадамдардын бири болуп жатат. Бирок Кудай буюрса буга дагы жетишебиз деген ойдобуз", - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле Базарбеков санариптештирүүдө көйгөйлөр бар экенин айтып, сот реформасы жалаң эле соттордун өзүнө гана тиешелүү эмес, бүтүндөй мамлекеттик деңгээлде жүрө турган иш экенин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.02.2024. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ошол айлыгыңарды көтөрүп койсо деле кыйратпадыңар, анан кайсыл түйшүгүңөрдү айтып жатасыңар? стомотологтун колунан өлгөн үч жашар кыздын ата-энесинин чырылдап барбаган жери калбадыго! ошол стоматологту болбогон шылтоолорду айтып неге үйүнө чыгарасыңар? урдук силердей коррупциячыл сотторду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: