VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргызстанда өткөрүү пландалууда
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргызстанда өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясында министр Алтынбек Максутов билдирди.
Анын айтымында, бул маселе учурда талкууланып жатат.
Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – бул Кыргызстандын эл аралык денгээлдеги эң ири долбоору. Ал көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандырып жана сактап калуу максатында 2012-жылы өлкөнүн өкмөтү тарабынан демилгеленген.
"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары буга чейин үч жолу Кыргызстанда, бир ирет Түркияда болгон. Быйыл 8-14-сентябрь күндөрү Астанада (Казакстан) өтөт", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.