Сокулукта 55 жаштагы киши мас абалында аялды бычактап салды
Сокулук районунда адам ден соолугуна оор залал келтирген шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Сокулук РИИБине А.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 25-февралда саат 8:15тер чамасында Б.К. аттуу жаран мас абалында Национальное айылындагы үйүнө кирип, аялы С.Д.га бычак менен жаракат келтиргенин айткан. Жубайы аймактык ооруканага жеткирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине (Ден соолукка оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1969-жылы туулган Б.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.