Ош. Шаарда спорттун каратэ-до түрү боюнча жылдын мыктылары аныкталат
26-27-декабрь күндөрү Ош шаарында спорттун каратэ-до түрү боюнча семинар өткөрүлүп, аны менен бирге жыл жыйынтыгы чыгарылат. Аталган семинарга шаардагы спорттун бул түрү менен машыккан бардык спортчулар, машыктыруучулар, калыстар катышат. Иш-чаранын жүрүшүндө, жылдын мыкты спортчусу, жылдын мыкты калысы жана жылдын мыкты машыктыруучулары аныкталат. Бул тууралуу Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин адиси Фарух Сыдыков бүгүн, 19-декабрда билдирди.
Автор: Элира Чынтемир кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.