Караколдо мык колдонулбай курулган мечит тууралуу уктуңуз беле? Анын 117 жылдык тарыхы бар
Өлкөдөгү эң кооз мечиттердин бири Каракол шаарындагы Дунган мечити болуп саналат. Бул тарыхый мечит 1907-жылы Ибрахим аттуу дунгандын демилгеси жана каржылоосу менен курулган. Кызыгы мечитке усталар бир да мык колдонгон эмес. Ушунусу менен ал дүйнө жүзүнөн келген туристтерди тартат.
Мечит ар кандай түстөр менен кооздолгон. Маалыматтарга караганда, түстөр философиялык чоң маанини билдирет. Мечиттин 6 канаты, 42 тирөөчүсү бар. Чатырларынан жыгачтан оюп-кесилип жасалган мөмө-жемиштердин сүрөттөрүн көрүүгө болот.
Бул касиеттүү жерди карап, иштеген сопу Насыр Наказбековдун айтымында, мечитте жалпы 7 кызматкер иштейт.
"Элдин жардамы чоң. Бул мечит алардын каражаты менен оңдолуп, көзөмөлдөнүп турат. Мечитте биздин ата-бабаларыбыз дагы кызмат кылган. Келген коноктор үчүн мечит мыгы жок салынганы менен кызык. Кантип мык жок курулган деп кызыккандар көп. Эми бул кытайлардын искусствосу менен курулган мечиттерден да. Жыгачтардан ажыдаардын баштары жасалып, өзгөчө кооздолгон. Былтыр оңдоп-түзөөдөн өткөн. Кудайга шүгүр, туристтер дүйнө жүзүнөн келет. Алар аябай суктанышып, сүрөткө түшүп кетишет. Сөздүн ачыгын айтканда, канча жыл болду курулганына, канча жер титиреди бирок сынынан кеткен жок. Мечит бул Аллахтын үйү да, Аллах өзү сактайт", - дейт ал.
Толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.
