Кыргызстанга унааларды мыйзамсыз алып кирүү боюнча түзүлгөн схема аныкталды
Өлкөгө жеңил унааларды мыйзамсыз алып кирүү схемасы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери УКМКнынкызматкерлери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагына жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт каражаттарын бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн ташып келүүнүн белгиленген схемасын аныкташты.
Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө автотранспорт каражаттары деталдаштырылган түрдө алынып келинип, авто тетиктер катары бажы органына жалган маалымат берилгени аныкталган. Андан ары унаалар Чүй облусундагы техникалык тейлөө станцияларында чогултулган.
Ыкчам иш-чаранын натыйжасында К.А. аттуу жарандын башкаруусундагы 2015-жылы чыгарылган Лексус GX 460 үлгүсүндөгү унаа кармалган.
Факты каттоого алынып, материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.
