Камчыбек Ташиевдин уулу өзү жашаган батирин жалгыз бой энеге белек кылды (видео)
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тимурлан Ташиев өзү жашаган батирди жалгыз бой энеге белек кылып берди. Бул тууралуу "Регион" телеканалы маалымдады.
Андагы маалыматка караганда, Ташиевдин уулу өзү жашаган батирин 4 балалуу Тахмина Ашимовага берген. Ашимованын жолдошу 2020-жылы коронавирустан каза болгон. Ал ошондон бери батирлеп жашап келген.
"Мен Ташиевдин уулу болом деп эле алып келди. "Бүгүндөн баштап силердин үйүңөр, жылуу-жумшак жашаңыздар" деди. Мен түшүм го деп ойлодум. Аябай ыраазыбыз, жууркан-төшөк, бардык эмеректери менен экен",- деди ал көзүнө жаш алып.
Ташиевдин уулу өзү жашап жаткан батирин 4 баласын жалгыз тарбиялаган энеге белек кылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.