super.kg logo

"Кумтөр" былтыр 13 тоннадан ашык алтын саткан

 

"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому былтыр 13 тонна 577 килограмм алтын саткан. Бул тууралуу маалыматты аталган компания өз сайтына жарыялады.

Маалыматка ылайык, ишкананын өткөн жылдагы жалпы кирешеси пландагы 734,2 миллион доллардан көп болуп, 849 миллион долларды түзгөн. Ал эми таза кирешеси 302,4 миллион долларды түзгөн.

Ишкана мамлекеттик бюджетке салык жана башка төлөмдөр түрүндө 17 миллиард 241 миллион 71 миң сом которгон.

"Мындан тышкары "Кумтөр Голд Компани" тарабынан "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү" фондуна 8 миллион 389 миң доллар, Нарын облусун өнүктүрүү боюнча "Теңир-Тоо" фондуна 5 миллион 33 миң доллар, аймактарды өнүктүрүү боюнча өнөктөштүк фондуна 1 миллион 597 миң доллар, жаратылышты өнүктүрүү фондуна 1 миллион 542 миң доллар которулган", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: