super.kg logo

Бишкекте телефон аркылуу алдамчылык кылган 19 жаштагы жигит кармалды

 
Бишкекте телефон аркылуу алдамчылык кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Т.Р. аттуу жаран Биринчи Май РИИБине арыз менен кайрылган. Анда жабырлануучуга 11-январда WhatsApp мобилдик тиркемеси аркылуу белгисиз адам телефон чалып, өзүн Мбанктын кызматкери катары тааныштырып, ага коопсуздук маселесине көмөк көрсөтүүнү сунуштаган.
Ошол учурда жабырлануучунун эсебинен 1 миң 400 доллар жоголуп, анын тиркемеси аркылуу эки банктан 119 600 сом болгон насыя алынган. Жабырлануучуга жалпы 244 643 сом зыян келтирилген.
Шектүү 2005-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран 25-февралда кармалып, камакка алынган.
Учурда тергөө иштери уланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: