super.kg logo

Бишкекте мектеп окуучуларынын олимпиадасы башталды (сүрөт)

 
Бишкек шаарында 26-27-февралда жалпы билим берүүчү предметтер боюнча мектеп окуучуларынын олимпиадасынын шаардык этабы өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, олимпиаданын негизги милдеттери окуучулардын окуп жаткан предметтерге болгон кызыгуусун арттыруу, жогорку класстын окуучуларына кесип тандоодо жардам берүү, илимий чыгармачылыкка болгон жөндөмдүүлүгү жана кызыгуусу жогору окуучулардын чыгармачылык демилгелерин аныктоо жана өнүктүрүү болуп саналат.
Белгилей кетсек, бул иш-чара жыл сайын өткөрүлөт. Быйылкы жылкы олимпиада И.Раззаков атындагы КМТУнун базасында математика, физика, химия предметтери боюнча, №38 мектептин базасында кыргыз тили, орус тили, англис тили, биология, география, тарых предметтери боюнча өтүүдө.
"Мектеп окуучуларынын 2024-жылкы шаардык олимпиадасына борбор калаанын орто мектептеринен олимпиаданын облустук этабында биринчи жана экинчи орунду ээлеген 162 окуучу катышууда.
Шаардык олимпиаданын 1, 2-орунду ээлеген жеңүүчүлөрү республикалык этапка катышат", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: