"Ар бир кыздан 3 миң доллар пайда көрүшкөн". Бишкекте кыздарды чет өлкөгө сойкулукка жөнөтүп жүргөн адамдар кармалды




Бишкекте кыздарды чет мамлекетке интимдик кызмат көрсөтүү үчүн жөнөтүп жүргөн деп шектелген адамдар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Биринчи Май РИИБинен билдирди.
Маалыматка караганда, 28-январда милицияга Г.Ж. аттуу чет өлкөнүн жараны менен Ч.Н. аттуу кыргыз жараны кыздарды интимдик кызмат көрсөтүү үчүн чет мамлекетке жөнөтүп жүрүшкөнү тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесине (Адамдарды соодалоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 1975-жылы туулган К.Ф., 1993-жылы туулган Ч.Н. жана чет мамлекеттин 1987-жылы туулган Г.Ж. аттуу жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
"Тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, анын натыйжасында айрым маалыматтар аныкталды. Тактап айтканда, кыздарды чет мамлекеттин аймагына сойкулук менен алектенүү үчүн жөнөтүүнүн алдында тиешеси бар адамдар боло турган иштин чоо-жайын дайыма эле айтып беришкен эмес. Андан соң жөнөтүлгөн кыздардын ар биринен 3 миң доллар пайда көрүшкөн", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.